• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оторбаев: Өз баласына ырайымсыз мамиле жасаган адамга карата Октябрь райондук сотунун чечими – адилетсиздик

Коом 0

Бишкек, 12.01.18 /Кабар/. Жакынкы күндөрү Акыйкатчы институту Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылуу жөнөтөт, анда көзөмөлдөөчү органга 2 жаштагы өз баласын ич талаштыра тепкен Бариер Адиевге карата Октябрь райондук сотунун чыгарган чечимине даттануу киргизүү сунушталат. Бул тууралуу Акыйкатчы институнуну басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-январда судья Чынгыз Адамкулов Б.Адиевге карата кылмыш ишин кыскартуу тууралуу токтом кабыл алып, ага өлкөдөн чыкпоо керектиги эскертилип, сот залынан бошотулган.

“Баланын энеси тосмо арыз жазган убакта дагы сот жабыр тарткан баланын ишке жөндөмсүздүгүн жана жашын эске алышы керек болчу. Андыктан биз – Акыйкатчы институту – баланын укугун коргойбуз. Шаардык прокуратурага жакын арада кат жөнөтүбүз, анда биз адилеттүүлүктү калыбына келтирип, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү сунуштайбыз. Баласына ырайымсыз катаал менен мамиле кылган адам татыктуу жазасын алышы керек”, – деп билгиледи Кубат Оторбаев.

Анын айтымында, мыйзамдарда кемчиликтер бар, себеби күбөлөндүрүү, тергөө жана сот маалында балдар көрсөтмө бере албагандыктан, мындай жагдайдан чоңдор пайдаланып кетет.

“Тилекке каршы, тергөөнүн жүрүшүндө жана сотто баланын атынан сүйлөгөн ата-энелер, камкорчулар жана жакын туугандары дайыма эле жабыр тарткан баланы коргоо позициясын карманышпайт. Ушуга байланыштуу, биз балдар жабыр тарткан, бирок кыскартылып жабылган кылмыш иштерин талдап чыгып, анын негизинде атайын доклад даярдадык. Биздин анализ көрсөткөндөй балдардын ой-пикирин, жашын, ошондой эле физикалык жана психологиялык абалын эске албастан чоңдор тосмо арыз жазып бергендиктен, көптөгөн кылмыш иштери тергөө учурунда, айрымдары сотто токтотулган. Башкача айтканда, жабыр тартканын балдар тартат, ал эми пайданы кылмышкерлер менен тил табышып, келишип алган ата-энелери же башка чоң адамдар көрүшөт”, – деди Кубат Оторбаев.

"Аналитикалык ал материалдардын негизинде Акыйкатчы институту атайын норма иштеп чыгып, тийиштүү мыйзамдарга жана мыйзам актыларына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылмакчы",- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий