• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу агенттигинин электр энергиясынын тарифтери боюнча комментарийи

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. КР өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Алмаз Исановдун "Электр энергиясына 10 тариф экологияны сактоосу мүмкүн..." деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, бүгүнкү күндө электр энергиясы үчүн төмөндөгүдөй тарифтер (салыктар эске алынбастан) каралган: 1 кВт/с үчүн электр энергиясына керектөөчүлөр үчүн, тактап айтканда, калк үчүн – 700 кВт/с чейин айына 0,77 сом, 700 кВт/с ашкан учурда 2 сом 16 тыйын; электрлештирилген унаа үчүн – 1 сом 58 тыйын, насостук станциялар үчүн – 0,78 сом, калган керектөөчүлөр үчүн – 2 сом 24 тыйын.

"Керектөөчүлөр (калк, электрлештирилген унаа, насостук станциялар, калган керектөөчүлөр) үчүн колдонуудагы тарифтер генерациялоочу (анын ичинде ЖЭБ жана ГЭСтер), ташуучу жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын ишин керектүү акча каражаттары менен камсыз кылуусу керек. Бирок, калк жана насостук станциялар үчүн социалдык багыттагы тарифтер болгондуктан энергетикалык сектордо жыл сайын акча каражаттарынын тартыштыгы байкалат. Ошол эле учурда калк электр энергиясын эң ири керектөөчүсү болуп эсептелет (берилген электр энергиянын 70% га жакынын керектейт). Ушундай шарттарда электр энергиясына күн маалы боюнча дифференциацияланган тарифтерди киргизүү туура болбойт", - деп билдирет агенттик.

Агенттиктен белгилешкендей, андан тышкары, территориалдуулук боюнча күн маалы боюнча дифференциацияланган тарифтерди киргизүү үчүн керектөөчүлөрдү атайын эсепке алуучу жабдыктар (акылдуу эсептегичтер) менен 100% камсыз кылуу зарыл. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда андай эсептегичтер менен баары камсыз болбогондуктан дифференциацияланган тарифтерди колдонууга мүмкүн эмес.

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдиргендей, электр энергиясына болгон тарифтер КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет.

"Электр энергиясын дүңүнөн сатып алган сатуучулар боюнча, алар келишимдердин негизинде керектөөчүлөрдү тейлеген бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялар болуп эсептеленишерин белгилеп кетебиз. Бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялар электр кубаттуулугун иштеп чыккан энергетикалык компаниялардан электр энергиясын сатып алат, жогорку вольттуу тармактар боюнча ташып келүү үчүн төлөйт жана керектөөчүлөрге учурдагы тарифтер боюнча сатат", - деп билдиришти агенттиктен.

Пикир

Оставить комментарий