• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Отун-суу таратылууда. Бишкек күз-кыш мезгилине карата камылга көрүүдө

Коом 0

Бишкек 26.08.20. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы 2020-2021-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча комплекстүү иштерди улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэрия жыл сайын кыш мезгилинде жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүп келет.

«Азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан Октябрь районунун тургундарына отун таратылууда. 150 үй-бүлөгө 31-августка чейин жардам көрсөтүлөт, анын ичинен 47 үй-бүлө 1,5 м3 отун алат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ленин, Свердлов жана Биринчи май райондорунун жашоочуларына отун таратылган. Бул жылы бардыгы 733 үй-бүлөгө 1,100 м3 отун каралган.

Отундан тышкары, мэриянын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмүр сатып алууга 3 миң 401 сомдон акчалай компенсация төлөө каралган.

Бул жардам үчүн шаардык бюджеттен 21,5 миллион сом каралган. Акчалай компенсация 5 миң 700 сомду түзүп, 1,5 тонна көмүр сатып алууга ылайыкташтырылган. Жалгыз бой пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр жеткирүү үчүн кошумча акы төлөнөт. Шаардын борборунда жашагандарга – 500 сом, ал эми конуштарда жашагандарга – 700 сомдон.

«Биз акчалай компенсацияларды берип баштадык. 26-августка карата жергиликтүү бюджеттен 19 миллион (88,1%) сом бөлүнгөн, анын ичинен 3 миң 191 үй-бүлөгө жана бир уюмга 18,2 миллион сом төлөнүп берилди. Төлөмдөр почта бөлүмдөрү жана банктар аркылуу жүргүзүлүүдө», - деп кошумчалашты мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий