• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Отунбаева мигранттардын көйгөйлөрү эмне үчүн чечилбей жатканын айтып берди

Коом 0

Чолпон-Ата, 08.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мигранттардын көйгөйлөрү эмне үчүн чечилбей жаткандыгынын себептерин Чолпон-Атада өтүп жаткан “Мекендештер” форумунда атады.

Ал Кыргызстандын миграция кызматынын жумушундагы жетекчилердин бат алмашуусу боюнча көйгөйдү белгиледи. Отунбаева төрага ведомствого келгенде мигранттардын жашоосу менен толугу менен таанышып чыгууга жетишпейт экендигин, андыктан бул боюнча прогрессивдүү жумушту байкоо кыйын экендигин айтты.

Ошондой эле ал мигранттардын башка өлкөдөгү жашоого даярдыгы жок баргандыгын айтты. Көп кыргызстандыктар мектепти бүтөрү менен акча тапканга башка өлкөгө кетишет. Буга байланыштуу ал Билим берүү министрлигине мигранттарды даярдоо программасын иштеп чыгууну сунутады. Отунбаеванын айтымында, акыркы чейрек кылымда 800 миң кыргызстандык мекенинен чыгып кеткен.

“Бул трагедия эмес, бул биздин элибиздин баскычтарынын бири. Жадакалса өнүккөн өлкөлөр өнүгүү жолунда ушундай баскычтан өтүшкөн. Мисалы Турцияда канча деген жарандар бир убакта өлкөсүн таштап чет өлкөдө иштөө үчүн кетишкен. Бүгүнкү күндө алар өз өлкөсүнүн инвесторлору. Жаңы ыкмаларды жана технологияларды тартуу менен алар өз өлкөсүн алдыга тартышты. Биздин мигранттар кайда жүрбөсүн рынок экономикасын өздөштүрүп, өлкө үчүн жаңы байланыштарды түзүүдө деп ишенебиз”, - деди экс-президент.

Ал мигранттарга карата туура саясат жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго анын артынан министрлер дагы келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип, алдыда дагы мигранттардын маселелерин угуп катышуусун суранды.

“Биздин балдар тилибизди унутуп баратышат. Биз музыкабызды сагындык”, - чет өлкөдөгү мекендештерибиз ушундай жөнөкөй арыз-муңдарын айтышат. Биз эч нерсе кылбай жатабыз. Экономика министри Олег Михайловго кайрылат элем, чет өлкөлөрдө дагы ушундай форумдарды өткөрүп, мигранттарга колдоо көрсөтүп, алардын жетишкендиктери менен таанышсак жакшы болмок”, - деди Отунбаева министрлер кабинетине.

Пикир

Оставить комментарий