• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Отуз жылдан бери кыргыз тили өнүктү, өстү, байыды — президент

Президент 0


Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды, - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна байланыштуу Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысы алдыбызда эне тилди сактап калуу гана эмес, өнүгүп, өстүрүү, өркүндөтүү милдети турат деп баса белгиледи.

"Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кылымдарды карыткан кыргыз тили, „коомдо өзүнүн тарыхый ордун ээледи“ деп айтууга эртелик кылат. Аны өлкөдөгү бардык этностор үчүн орток тил кылуу үчүн аткара турган милдеттер арбын. Дароо эле айта кетейин, орус тилинин расмий тил катары макамы сакталат. Орус тили — биз үчүн дүйнөлүк маданиятка, илим-билимге жетүүнүн көпүрөсү бойдон калат", - деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы коомубузда орус тилинин мааниси ылдыйлабай турганын кошумчалады.

"Кыргыз тилин — мамлекеттик тил катары дагы бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу зарыл",- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий