• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Шубин атындагы музыкалык мектептин окуучулары Түркиядагы фестивалда баш байге жана биринчи орундун ээси болду

Маданият 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Түркияда өткөн эл аралык онлайн фестивалда П. Шубин атындагы Борборлоштурулган музыкалык мектептин окуучулары баш байге жана биринчи орунга ээ болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Эл аралык фестивал Түркиянын Стамбул шаарында "Бий жана музыка" күнүнө карата онлайн форматта өткөрүлгөн. Фестивалга өнөрпоздор кесипкөйлөр, орто курактагы жана кенже курактагы болуп 3 категорияга бөлүнүп, катышкан. Бул саамалык Түркиянын Жаштар жана спорт клубу, Босфор фольклер бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Баш байгени Айжан Талантбекова жеңип алган. Ал 13 жашта. Айжан Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөн. Учурда П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө 3-класста окуйт, Бишкек шаарындагы №69 Т. Сатылганов атындагы окуу-тарбия комплекс-гимназиясында 6-классты аяктап жатат. Мындай эл аралык сынакка Айжан биринчи жолу катышкан.

Биринчи орунду Нурсултан Аширалиев алган. Нурсултан 14 жашта. Ал Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Учурда П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө 6-класста окуйт, Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында 8-классты аяктап жатат. Нурсултан буга чейин көптөгөн сынактарга катышып, жеңүүчү болуп жүргөн.

Айжан менен Нурсултандын комуз сабагынан сабак берген мугалими Айдыралиева Марина Мамбеткуловна. Ал П. Шубин атындагы Борборлоштурулган музыкалык мектепте 30 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келет. Анын жетекчилигинин алдында бир катар фестиваль, сынактардын лауреттары жана жеңүүчүлөрү чыккан. Андан тышкары, ал мектептеги комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси болуп, анын окуучулары Бишкек шаарындагы өтүп жаткан мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышып келет.

"П. Шубин атындагы Бороборлоштурулган музыкалык мектеп, Кыргызстандын маданиятынын өнүгүп-өсүшүнө өзүнүн салымын кошуп, улуттук баалуулуктарды сактап, аны өнүктүрүп келет. Ал мектептен жүздөгөн таланттар тарбияланып чыккан. Бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда, Россияда, Германияда жана АКШдагы жогорку окуу жайларда музыкалык билимин улантып, учурда иштеп жаткан белгилүү инсандар бар", -деп билдирет министрлик.

1948-жылы 20-январда СССРдин Министрлер совети Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор Петр Шубиндин ысымын аталган музыкалык окуу жайга ыйгарган. 2010-жылы бул билим берүү жайына "Балдардын борбордук музыкалык мектеби" макамы берилген. Бүгүнкү күндө мектепти Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчева жетектеп келет.

Пикир

Оставить комментарий