• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пайдаланууга берилип жаткан мектеп имараттарынын сапаты текшерилет

Өкмөт 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда бир катар мамлекеттик орган жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Жолугушууда өлкөдөгү пайдаланууга берилип жаткан билим берүү мекемелеринин сапатына байланыштуу маселе талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, жалданма-компанияларлы тандоодо ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу курулуш компанияларына көңүл буруу зарыл.

«Объектилердин курулушу толук көлөмдө аткарылып, негизгиси – курулган мектептерин сапатына басым жасоо зарыл. Мында заманбап технологиялардын жана сапаттуу материалдардын пайдаланылышына көңүл буруу керек. Бардык курулган мектептерди текшерип чыгып, табылган кемчиликтерди ыкчам тартипте жоюу зарыл», - деди Сапар Исаков.

Ошондой эле Өкмөт башчы социалдык объектилер имаратын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалмдагандай, 2016-2017-жылдары курулган 100 мектептин 13үндө жасалгалоо иштериндеги кемчиликтер аныкталган, алар кийинчирээк жоюлган».

«2016-жылдын соңунда 150, 275, 375, 500 окуучуга эсептелген мектептердин типтүү долбоорлору иштелип чыккан. Быйылкы жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана ооруканалардын типтүү долбоорлорун иштеп чыгууга тендер жарыяланган», - деди Б.Абдиев.

Маалымдама: 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында жалпы суммасы 10,7 млрд сомдук 243 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий