• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пайдалуу кеңеш: Көк жөтөлгө кабылдыңызбы, анда сарымсак жардамга келет

Дүр дүйнө 0

Сарымсак – даамы ачуу, табияты ысык болот. Ал жел туруп калса, аны чыгарууда, уулангандарды кайтарууда, ар кандай микробдорду жок кылууда, ич өтүп калса, аны токтотууда, заарасы чыкпай калса, аны өз ордуна келтирүүдө, кан токтобосо, аны токтотууда жана башка көптөгөн учурларда жардамга келет.

Элдик табыптарда, буту-колдо пайда болгон темир-өткүлөргө адамдын жыныстык каналдарында пайда болгон курттарга, кыш, жаз айларында келүүчү жугуштуу тумоолорго, жай айларындагы ич өткөндөргө, ич ооругандарга сарымсакты жеп турса, бул пайдалуу. Бирок сарымсакты арбын жесе, ал көздүн көрүү күчүн төмөндөтүшү мүмкүн, адамдын денесин албыртып, ысытып жиберүүсү да ыктымал.

Сарымсак жеген адамдын тиштеринин арасында, оозунда жыт калат, аны кургак чайды чайнап, же болбосо демделген чайдан ичип, чайкап койсо, анда анын жыты кетип калат.

Көк жөтөлгө дуушар болгондор көк сарымсактын бир эле башын майдалап туурап, аны кайнаган муздак сууга шекер кошуп эки суткадан кийин бир ашкашык күнүнө үч жолу жылуу чай менен бирге бир нече күн ичсе көк жөтөлдөн кутулат.

Ашказанга суук тийген учурда, эки баш сарымсакты сууга бышырып, аны балга аралаштырып суу менен бир нече күн ичсе бул да пайдалуу.

Ал эми сиздин, урматтуу окурман, өз тажрыйбаңызда колдонгон таасирдүү ыкмаларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз жана оорубай жүрүңүз!

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий