• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пайдалуу кеңеш: Каакым муундагы оорудан арылтат

Дүр дүйнө 0

Эгер муундарыңыз ооруп, доктурлардын кеңеши жардам бербей жатса, анда жаратылыштын белеги болгон каакымды сөзсүз түрдө колдонуп көрүңүз. Чөп өскөн жердин баарында байыр алган Каакым гүлдөп турган маалында муундар үчүн миңдин бирине айланат. Медицинада бул өсүмдүктү артрит, артроз, подагра, ревматизм аттуу ооруларга дары жасоодо колдонот.

Кээ бир учурда каакымдын тамырын да дабага кошот. Бирок аны эрте жазда же күздө гана казуу керек.

• Каакым гүлүнүн тундурмасын даярдоо ыкмасы - 500 г жаңы терилген гүлгө 0,5 л спирт (70%) куюп, оозун жакшылап жаап, караңгы жерге 12 күнгө коюп коёбуз. Ревматизм, подагра, артрит, артроздо ооруган муунга кызарганча сүртөбүз да жылуу ороп коюу керек. Бул процедураны бир күндө бир нече жолу кайталоо абзел. Бул жасалга остеохондрозго да жардам берет.

• Каакымдын тамыры менен жалбырагынын тундурмасы - 1 чай кашык кургатылып, майдаланган тамыр менен жалбыракты бир стакан кайнак сууга бир саатка демдеп, чыпкалап алабыз. Ревматизм жана полиартриттен жабыр тарткандар күнүнө 4 жолу тамак ичээрден жарым саат мурун ¼ стакандан ичүү керек.

• Артритке каакымдын тамырынан жана жалбырагынан кайнатма - 1 чай кашык кургатылып, майдаланган чийки затты 1 стакан суу куюп кайнатабыз. 10 мүнөт кичинекей отто кайнаган соң, оттон алып жарым саат демдеп, чыпкалайбыз. Күнүнө үч жолу тамактын алдында бир чай кашыктан ичүү керек.

• Ревматизмге каакымдын гүлүнөн жасалган сироп - жаңы чогултулган гүлдөрдү үч литр банкага кант менен аралаштырып ( 1:1 ) салабыз. Караңгы жана жылуу жерге бир күнгө коюп, анан бир жарым жумага муздаткычка салып коёбуз. Даяр болгон сиропту чыпкалап, каакымды сыгып алып таштайбыз. Муздаткычта сактап, канттын ордуна колдонуу керек.

Элдик медицина ревматизмге чалдыккандарга каакымды гүлдөгөн маалында гүлүн чайнап турууну сунуштайт.

Даярдаган Айсулуу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий