• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пайдалуу кеңеш: Кызылча эрте картаюуну алыстатат

Дүр дүйнө 0

Кызылча өзүнүн пайдалуулугу жана дарылык касиети менен элдик медицинада кеңири колдонулуучу азык. Ал көп колдонулган азыктардын бири. Кызылча адамдын организмине керек болгон витаминдерге жана минералдык заттарга бай. Анын курамында В, С, А витаминдери көп, ал эми минералдык заттары йод, магний, кальций, темир болуп эсептелет. Алар тамак сиңирүүгө, ден соолукту бекемдөөдө чоң роль ойнойт.

- Кызылчадан даярдалган тамактар денедеги зыяндуу шишиктерден сактайт.

- Кызылчанын курамындагы В9 витамини жүрөк оорусуна калкан болот. Бул витаминдин тамак-ашта кездешүүсү гемоглобинди жогорулатып, аз кандуулукка каршы күрөшөт. Ал организмди жаш боюнча сактап калган касиетке ээ. Аны колдонгондо активдүү жаңы клеткалар пайда болуп, маанай көтөрүлөт.

- Кызылчада кварц бар. Ал сөөктүн бекем болушу, артерия жана тери саламаттыкта болушун шарттаган негизги элемент. Бирок бул пайдаларына карабастан кээ бир адамдар үчүн зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Эгер ашказаныңызда оору бар болсо же анын кислотасы бийик болсо этияттап колдонуш керек. Бул азык бөйрөктү гана эмес канды дагы тазалайт. Организмдеги кычкылды жогорулатат жана боорду тазалайт, мээни калыптандырат, уулуу заттардан коргойт. Эрте картаюудан алыстатат, психиканы жөнгө салат.

- Сууга бышкан кызылча жана анын кайнатмасы организмди эс алдырат. Чийки кызылчанын ширеси гипертония оорусунда пайдалуу.

- Кызылча боор оорусунда пайдалуу. Кандын жакшы жүгүрүүсүн шарттайт, кан тамырларды кеңейтет жана жүрөктүн иштешин жакшыртат. Ошондой эле унутчаактыкты дарылап, зээндүү кылат.

- Кызылчанын тамыры көптөгөн пектин заттарын камтыйт. Ушул заттардын жардамы менен ал радиоактивдүү жана оор металдардын терс таасиринен сактайт. Ошондой эле организмдеги холестериндин санын азайтып, жокко чыгарат.

- Кызылчанын курамындагы көп өлчөмдөгү темир жана жез канды тазартууга жардам берет, ошондуктан аз кандуулукта пайдаланылат.

- Курамындагы бетаини атеросклерозду токтотот, майдын алмашуусун жөнгө салат, боорду айыктырат. Бетаин кызылчанын өзүндө, тамырында, жалбырагында болот.

- Кызылча ширеси зыяндуу шишиктерди кетирүүдө жардам берет. Аны суткасына 100 мл өлчөмүндө ичүү абзел. Шире кызылчанын тамырынан жана жаш данынан жасалат. Тамактын фарингит жана ангина оорусуна чалдыккандар кызылчанын аралашмасын тамагына күнүнө 5-6 жолу сүртүүлөрү керек. Бир стакан ширеге 1 аш кашык уксус кошуп, мурун бүткөн учурда ага тамчылатат. Андан тышкары диабет убагында 1 стакан жаңы ширенин ¼ бөлүгүн күнүнө 4 жолу ичүүгө болот. Эгерде мурун бүтүү өнөкөткө айланып калса, демек кызылчанын кайнатмасын тамызгычтын жардамы менен мурунуңузга тамызганыңыз оң. Жаңы кызылчадан шире жасап 3-4 тамчыдан кулакка тамызсаңыз угууңуздун жакшырышын шарттайт.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий