• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пайдалуу кеңеш: Рациондогу мөмө-жемиштин көбөйүшү депрессия тобокелин 33%га азайтат

Дүр дүйнө 0

Жер ортолук деңиздин диетасы психикалык ден соолукту коргоого жардам берип, депрессия менен күрөшүүнү жеңилдетет. Бул тууралуу Molecular Psychiatry журналында жарыяланган изилдөөдө айтылат.

Лондондук университетинин колледжинин окумуштуулары тамактануу менен психикалык оорулардын өнүгүшүнүн өз ара карым-катнашына арналган 40тан ашуун изилдөөнү анализдеп чыгышкан. Анын натыйжасында рациондогу мөмө, жер-жемиштердин санынын көбөйүшү депрессия тобокелин 33 пайызга азайтары аныкталган.

Ошондой эле адистер эт, май жана кумшекер сыяктуу оор азык-түлүктөрдү колдонууну азайтуу көңүл чөккөндүктү 24 пайызга азайтарын аныкташкан.

Алынган маалыматтардын негизинде окумуштуулар депрессия менен күрөшүүгө керек болгон рационго туура келген диетаны тандашкан. Изилдөөчүлөр жер ортолук деңиздин диетасын сунушташат. Анын негизин мөмө, жер-жемиштер, балык, дан өсүмдүктөрү жана зайтун түзөт.

Пикир

Оставить комментарий