• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Пайдалуу кеңеш: Тамактанууда төрт нерседен сактануу керек

Дүр дүйнө 0

Азыркы медицина илими адамдын ден-соолугунун эң гүлдөгөн доору 40 жаш деп белгилейт. 40 жашка чейинки курак өсүп, жетилүү мезгили деп аталат. 40 жаштан 50 жашка чейинки учур адамдын картаюуга баш бурушу, башкача айтканда, адамдын организминин начарлай баштаган учуру болуп саналат. 60 жаш куракта карылыкка кадам койгон чак болот. Бул учурда адамда артка чегинүү мүнөзү байкалат, карылык оорусуна чалдыгуу күн сайын күчөйт. Мына бул убакытта азык-түлүктөрдү тандап пайдалануу зарыл болот. Мунун өзү карылыкка каршы туруу белгисинин бири болуп саналат деп каралат.

Жаштардын денеси мындай. Алар калорялуу азыктарга муктаж, негизинен белок заттарды, атап айтканда, крахмал, шекер, майлуу тамактар, минералдуу заттарды көп колдонушат. Бирок, алардын кээ бирөөлөрүнүн муктаждыгы жогору болот. Ал эми кээ бирлеринде бул муктаждыктар аз болот. Мисалы, кант болсо денедеги маанилүү калория. Орто жаштан кийин дене кыймылы күн сайын төмөндөйт. Кантка болгон муктаждык күн сайын ылдыйлайт.

Узун өмүр сүрүүчүлөрдөн ылайыктуу түрдө тамактануудан чыгарган натыйжаларга караганда төмөнкүдөй өзгөчөлүктөргө ээ.

Алар белоктуу азыктарга көп көңүл бурушкан. Денесинде кальций жеткиликтүү болгон. Ар кандай витамин менен жеткиликтүү тамактанышкан. Бирок, азыктанууда калориясы төмөн болгон.

Азык-түлүк кесибинин устаттары орто жаштагыларга, жашы улгайып калгандарга “төрт түрдүү тамактарды” түзүп чыгышкан. Алар ар түрдүү дан, жашылча, эт, буурчак жана сүт. Күнүнө ушул төрт түрдүү азыктын бардыгын пайдалануу керек экендигин белгилешкен. Бирок, ар бир түрүнүн бир эле убакта даяр болуусунун зарылдыгы жок экендигин да айтышкан. Анын бир түрү же бир нече түрү болсо эле жеткиликтүү экендигин да кошумчалашкан.

Анан да “төрт нерседен сактануу” керек. Тамактанганда адаттан тышкары тоюп алуудан, чийки сууну көп ичүүдөн, тамакты тандабай жештен, дене салмагынын көбөйүп кетүүсүнөн. Мындан сырткары, эки нерсени унутпоо керек - майга бышырылган майлуу тамактарды жана таттууларды аз жаш керектигин.

Пикир

Оставить комментарий