• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пайдалуу кеңеш: жарака кеткен жумуртканы кантип бүтүн бышырууга болот?

Дүр дүйнө 0

- Картошка тазалагандан улам кол карарып кетет. Мындай болбошу үчүн тазалардын алдында колго уксус сүртүп, кургатып алат жана картошканы тазалап бүтөр замат колду самындап жууп, бетмай сүйкөп коёт.

- Айнек идиштердин баарын атайын каражаттардын жардамысыз эле жууганга болот. Ал үчүн жылуу сууга бир аз уксус же ири туз кошуп коюш керек. Айнек идиш жаркырап, өңүнө чыгат.

- Мискейде тамак күйүп кеткен болсо, ага муздак суу куюп, туздан сээп коёт. Бир нече сааттан кийин тамактын калдыктарын тазалоого мүмкүн.

- Унда курт пайда болбошу үчүн ал сакталган капка сарымсактын сыртын тазалабай туруп салып коёт.

- Бычак, кайчы ж.б. нерселерди оңой курчутуш үчүн аларды туз кошулган сууга жарым саатка салып, аарчыбастан курчутуш керек.

- Жаңы айнек стакандарды адегенде муздак суу куюлган идишке салып, акырындык менен кайнатып, кайра ошол эле сууда муздатып алса көпкө чейин бышык бойдон кызмат кылат.

- Газ плитасындагы майлуу тактарга туздан сээп коюп, андан кийин жууса оңой жуулат.

- Чай ичкен чашканын түбү карарып кеткенде аны ашкана уксусу менен же туз менен сүргүлөсө жалтырап тазаланат.

- Бычак, айры, кашыктардын датын кетирүү үчүн чийки пиязды колдонсо болот.

- Түбү карарып кеткен мискейлер менен чайнектерге алма менен алмуруттун кабыгын салып кайнатса, жалтырап тазаланат.

- Фарфор идишти нашатырь спирти кошулган муздак суу менен жууйт.

- Хрусталь идишти кайнак сууда жуубаш керек, анткенде ал бозоруп жана майда жаракалар пайда болот.

- Жарака кеткен жумурткаларды туз кошулган сууда бышырса, бүтүн бойдон бышат.

- Балыктын кабырчыгы оңой аарчылсын десеңиз, аны тазалардын алдында кайнак сууга бир нече секундага салып алуу керек.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий