• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пайдалуу кеңештер: бут кийим бутту кысса эмне кылууга болот?

Дүр дүйнө 0

Ашканадагы майлыктардын майы жакшы кетет, эгерде бир аз уксус кошулган жылуу сууга жарым саат чылап, андан кийин жууса.

*Жаңы жынсы шым өзүнүн түсүн сактап калуусу үчүн биринчи жолу жуурдун алдында өтө туздуу сууга 12 саат чылап коюп, андан кийин жуу керек.

*Эгерде жаңы сатып алган булгаары бут кийимиңиз бутуңузду кысса, аны байпак менен кийип, кыскан жерин фен менен кургатыңыз.

*Сүрүлүп, өңү өчө баштаган булгаары бут кийимди тиш жууган пастанын жардамы менен жаңыласа болот.

*Бут кийимдин сүрүлгөн жерине пастадан бир аз сүйкөп, жумшак чүпүрөк менен аарчып, андан кийин ным чүпүрөк менен тазаласаңыз жапжаңы болуп калат.

*Мыктын учтуу жагын өсүмдүк майына малып алып, андан кийин какса мык дубалга оңой кирет.

Маалыматтар интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий