• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пайдалуу кеңештер: Гүлдүн адамдын ден соолугуна тийгизген оң таасирлери тууралуу билесизби?

Дүр дүйнө 0

Гүл – адамдардын турмушуна сулуулук берет жана алардын ички абалын жакшыртат. Изилдөөлөргө караганда гүлдөрдүн түсү ооруларды айыктырууга жардам бере тургандыгы далилденген. Мисалга алсак, көк түстүү гүлдөр дене табы күчөгөн ооруларды калыптандырууда өтө маанилүү роль ойнойт. Ысытманы кайтарууга жардам берет.

Агыш түстөгү гүлдөр кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу. Алардын дем алуусун жеңилдетет, сергектентет.

Ал эми кызыл гүл кан басымы өтө төмөн болгон ооруларга пайдалуу. Ал кан басымынын жогорулашына таасир берет. Бөлмөдө кызыл түстөгү гүл өстүрүлсө ооруп жаткан адамдын көңүлүн ачат. Ошондуктан санаторияда жана ооруканаларда кызыл түстүү гүлдөрдү көбүрөөк өстүрүү зарыл.

Гүлдөрдүн жагымдуу жыты да түрдүү ооруларга дабаа. Индус гүлүнүн жыты нервди калыбына келтирип чарчаганды жоготуп, уйку келтирет. Жашыл түстөгү өсүмдүктөргө көп карай берсе көздүн талыган оорусуна пайдалуу болот. Жакшы байкалбаган көз ооруларга чалдыккандар жашыл түстүү нерселерге, асыресе, жашыл жалбырактарга көбүрөөк тиктеш керек.

Гүлдүн ачылып турган убактысын кантип узартса болот?

Эгерде аспирин таблеткасы кошулган суу менен бир жолу суугарып койсо, гүл көп убакытка чейин соолубайт. Бул учурда суу менен аспириндин катнашы туура өлчөмдө болушу зарыл. Бир литр сууга аспирин таблеткасын бирди аралаштырганда, гүлдүн ачылуу убактысын 3төн 5 күнгө чейин узартат. Себеби аспирин өсүмдүктөрдүн жалбырактарындагы жана гүлдөрдөгү аба тешиктердин бекитип курамындагы суунун бууга айланышын азайтат.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий