• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пайдалуу кеңештер: Кагаз акча же тыйын кармаганда сак болуу керек

Дүр дүйнө 0

-Оорулу адамдын дем алуу жолдорунда өтө эле көп сандаган микроб жайгашып жүрөт, алардын бир түкүргөнүндө 10-12 миң мл грамм микроп түшөт. Буга байланыштуу оорулуу адам түкүрүүдөн сактанып, тышка чыкканда марлиден маска кийип жүрүүгө туура келет;

-Акча, тыйын кармаганда да сак болуу керек. Себеби бир кагаз же тыйын акчада 37 млн. граммдан ашык ичке таякча микроб бар экендиги аныкталган. Мында эскертип кете турган нерсе акчага түздөн-түз тиешеси болгон банктын кызматкерлери, кылдаттык менен тазалыкка көңүл буруулары зарыл;

-Даярдалган тамак-ашты ачык таштоого болбойт, себеби ал тамак-ашка ар кандай жолдор менен суткасына 2 млрд. жакын микробдор учуп келип түшөт, ал эми даярдалган тамак-ашты бир сутка сактоого болбойт, ал ачып кетет да, микробдор сан жеткис болот. Бул өз кезегинде адамдын саламаттыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн;

-Адам баласы өзүн тазалыкта кармоо керек, өзгөчө колун. Жуулбаган колдо 400 миңге жакын микроб бар деп далилденген. Ал эми адамдын тырмагынын ичинде болсо 3 млрд. ашун микроб болот экен;

-Колдогу самын менен кептеген тактарды нефтиден жасалган май, өзгөчө бензин менен тазалоо өтө эле зыяндуу. Бензин менен тазалаганда теринин үстүнкү катмарын кургатып, ал жарылып, көпчүлүк учурда суулу темирөткү деп атала турган тери оорусу келип чыгат, ал эми күчөп кетсе адамдын жалпы терисине жайылып кетет.

Пикир

Оставить комментарий