• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пайдалуу кеңештер: Манжаларды кырсылдатпа, башыңды чүмкөп уктаба

Дүр дүйнө 0

Айрым адамдар колдун манжаларын басып кырсылдатышып, андан өздөрү ырахат алышат. Мындай кылууда кол муундарынын кыймылын күчөтүүгө пайдасы бар деп ойлошот. Чындыгында, мындай кылуу зыяндуу.

Муундардын аштоолору жана тарамыштары белгилүү даражада серпилүүчү касиетке ээ. Бармактарды басканда муундардагы кемирчектер бири-бирине сүрүлөт, же жеңил даражада урунат. Мындай сүрүлүүлөр жана урунуулар бармактардын тегерегиндеги нервдерди ажыратат жана муундардагы кээ бир начарлаган жерлерди ого бетер төмөндөтөт. Ошондуктан бармактарды кырсылдатканда анын тарамыштары бошоп кетип, бармактын муундары иштен чыгып калуусуна өбөлгө түзөт.

Уктаганда башыңды чүмкөбө

Үй ичиндеги абанын кээде муздап калышына байланыштуу айрымдар көпчүлүк учурда башын чүмкөп уктоону жакшы көрөт. Алар бул жаман адат экендигин жана да ден-соолукка өтө зыян экендигин билишпейт. Адамдын турмушу кислородсуз өптөйт. Кислород адам денесинин бардык мүчөлөрүнө тароо менен денени кубаттуу кудуретке жеткирип турат.

Башты чүмкөп уктаганда, жууркан ичинде дем алууга керектүү аба аз болуп, адамдын денесине өтө зарыл болгон кислород да аз кабыл алынат. Дем алуу органдары аркылуу денеге зыяндуу сыртка чыгарылып туруучу карбонит аксити чыкпай калат. Буга кошулуп ичке жуткан жагымсыз газ кошулгандан кийин, бул учурда адам баласы уктай албай, оорлошуп, кеңгиреп, өзүн катуу чарчаган адам сыяктуу сезет. Ошондуктан башты чүмкөп уктоонун өзү зыяндуу.

Пикир

Оставить комментарий