• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пайдалуу кеңештер: Муздаткыч жокто этти кантип сактоо керектигин билесизби?

Дүр дүйнө 0

Муздаткыч болбогон учурда этти сактоо бир аз кыйыныраак болот эмесби. Өзгөчө жай, жаз, күз айларында эт бир нече саатын ичинде эле көгөрүп же чымын конуп жыттанып кетет. Аны эске алып эт сактоонун төмөнкү жолун тааныштырабыз:

-сактай турган этти бар жарым сантиметр калыңдыкта жалпак туурап (чоң-кичинелиги бирдей болсун) кайнаган сууга малып алып, анан муздатып алгандан кийин эки жагына өлчөмдөп тамак-ашка пайдалуучу тузду сээп, андан кийин кенен бир идишке салабыз да оозун тор менен бекитип, жел жүрө турган салкын жерге коебуз.

Бир күн өткөндөн кийин эттен суу чыгып, эт тузга чыланып калат. Мына ушундай жол менен этти ысыкта, жайкы чилде күндөрүндө 15тен 20 күнгө чейин сактоого болот. Бул учурда эттин сапаты да күчү да жоголбойт. Аны кууруганда же бышырганда даамы жаңы эттин даамы менен бирдей болот.

Пикир

Оставить комментарий