• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пайдалуу кеңештер: Пияздын жытын кантип кетирүүгө болот?

Дүр дүйнө 0

Майрамдык салат үчүн тоок төшүн кайнатып жатсаңыз, сууга төрткө бөлүнгөн кызыл пиязды кабыгы менен салып коюу керек. Эт жагымдуу кызгылт түс алат. Бул ыкманы колдонуп көрсөңүз натыйжасы жакпай койбойт.

Пияздын кабыгы шорпо үчүн мыкты ингредиент. Ал шорпого өзгөчө түс жана жыт берет. Эгерде шорпого козу карын кошуп койсоңуз артыкча болбос. Ал эми биз сиздерге пияздын сизди таң калтырчу өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беребиз.

Пияз мискей, сковородка жана гриль-торчолорунан көө, күйүктөрдү оңой кетирет. Идиштерди тазалоо үчүн жаңы кесилген пияз менен сүртүү зарыл. Анда соң – идиш жуучу каражат менен жакшылап жууп коюу керек. Пияз ширеси күйүктүн жытын кетирип, идиштердин сыртын тазалайт. Кесилген пияз кургап калбашы үчүн аны тузга коюп коюу кажет.

Пияз ширеси кийимден тердин тагын кетире алат. Ширени такка сүртүп, бир аз убакытка калтырып, андан соң кадимкидей жууп коюуңуз. Сизди таң калтырып саргарып турган так жоголуп кетет. Пияз чиркей, кумурска жана башка курт-кумурскалар үчүн күчтүү каражат. Мискейге суу куюп, шакекче түрүндө кесилген пиязды салып коюңуз. Курт-кумурскалар бул жерге жакын келишпейт.

Ошондой эле пияз бут кийимдин үстүндөгү кирди кетирүүгө жардам берет. Аны менен кездеме жана булгаары тигилген бут кийимди, таманын сүртүү зарыл. Жада калса чөптүн тагын дагы кетире алат.

Антибактериалдык касиети менен пияз курт-кумурскалар чагып алганда, теридеги ооруган жерге сүртсө жардам берет.

Пияз кабыгы тамак ооруга жардам берип, шишикти азайтат. Аны бал менен ичип, мыкты какырык чыгаруучу каражат катары колдонууга болот.

Пияздын дарылык касиеттерин санап бүтпөйбүз. Пияз боткосунан майлуу тери үчүн маска жасоого болот. Пияз май бездерине таасир берип, тери кургап, сезгенүүлөр жоголот. Пияздын кабыгынын кайнатмасы баштын терисине да пайдалуу. Ал какачтан арылтып, чачка көлөм кошуп, өсүмүн тездетет. Чачты кадимки шампунь менен жууган соң, пияз кайнатмасын колдонуу сунушталат.

Пияздын дарылык касиеттери көпчүлүккө белгилүү. Бирок көптөр аны пияздын жытынан улам колдонушпайт. Анткен менен пияз же сарымсактын мүнөздүү жытын бир нече даана грек же кедр жаңгагын жеп кетирүүгө болорун биле жүрүңүз. Ар кандай ооз көңдөйүн сергитүүчү каражаттан жакшы таасир берип, пайдалуулугу да жогору.

Пиязды туурап кургатып алып, аны жыт берүүчү катары таттуу эмес азыктарды даярдаганда колдоно аласыз. Каптагы унга пияздын кесиндисин салып койсоңуз, ун табитти ачкан жытка ээ болот. Нан, булочка же ширин эмес нан азыктары абдан даамдуу болот.

Пикир

Оставить комментарий