• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Пайдалуу кеңештер: суу түтүктөрүн оңой тазалоо ыкмасы

Дүр дүйнө 0

1. Суу агып кетүүчү түтүктөрдү ашкана уксусу жана тамак-аш содасынын жардамы менен оңой эле тазалап алууга болот. Бул үчүн түтүккө бир стакан соданы себип, үстүнө уксусту куюу керек. 20 мүнөттөн соң кайнак суу куюп, түтүктөрдү тазалап алууга болот.

2.Картошка кууруп жатканда ага бышарга жакын туз кошуу керек. Эгерде башында эле кошуп койсоңуз, картошка карарып калат.

3.Тамакка өнүп, жашыл түскө өтүп кеткен картошканы пайдаланууга болбойт. Мындай картошкада соланин деген уулуу зат болот.

4.Жаңы капрон колготкини же узун байпакты кийгенде ага чачка себилүүчү лактан бир аз чачыратып койсоңуз, ал жыртылбай көпкө чейин сизге кызмат кылат. Ар бир кийген сайын лак себүүнүн кереги жок, биринчи жолу кийгенде гана чачыратуу жетиштүү болот.

5.Тамактын витаминдерин сактап калуу үчүн аны бышырып жатканда жыгач кашык менен аралаштырыңыз.

6.Татымалдар жарыкты, жогорку температураны жана нымдуулукту сүйбөйт. Аларды оозу бекем жабылган фарфор, керамика идиштерине өз-өзүнчө салып, плитадан алыс коюу керек.

7. Ванна бөлмөсүндөгү көктү кетирүүдө дагы ашкана содасы менен уксус керектелет. Алды менен көгөрүп баштаган жерлерди сода аралашмасы менен, адан соң уксус менен тазалоо керек. Грибоктон жабыркаган жерлер катуу губка менен тазаланат. Дубал кайрадан көгөрүп кетпеши үчүн бөлмөнү жакшы желдетүү шарт.

8. Духовканын табасын майдын күйүгүнөн тазалоо үчүн табанын түбүнө ашкана содасын себип, ага суутек кычкылын (перекись водород) куюп коюу керек. Натыйжада жүргөн реакция майдын күйүгүн оңой тазалоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий