• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Пайдалуу кеңештер: туз килемдин үстүндөгү чаңды өзүнө тартып алат

Дүр дүйнө 0

- Крем (бут кийим майы) кургап калса, ага бир нече тамчы ысык сүт тамызсаңыз кайра иштетүүгө болот.

- Эскирген сүрөттү спиртке чыланган пахта менен сүртсө жаңы сүрөттөй болуп калат.

- Пачка тузду килемдин үстүнө чачып таза шыпыргы менен шыпырса килем тазаланат. Себеби тамак-ашка салынуучу туз килемдин үстүндөгү чаң-топурактарды өзүнө тартып алат.

- Ашканада өзгөчө жаман жыттар пайда болуп калганда казанга уксус куюп ысытып бууга айландырса же мандарин кабыгын ысытса жыт жоголот.

- Лампочка жандырыштан мурда үстүнө бир нече тамчы атыр тамчылатып, анан жандырсаңыз үйдүн ичинде жагымдуу жыт пайда болот.

- Балык тазалагандан кийин колдо балыктын адамга жагымсыз жыты пайда болот, ошондо бир эки жолу самын менен жууп, анан бир жолу тиш пастасын колуңузга сүйкөп, бир аздан кийин таза суу менен чайкап койсо, жагымсыз жыт жоголот.

- Сүлгүнү жууганда сууга бир нече тамчы атыр тамызып койсо, андагы жагымсыз жыттар жоголот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий