• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Пакистан Кыргызстандын төрт жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Пакистан Кыргызстандагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА), Эл аралык жогорку медицина мектебин, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин жана Кыргыз-Россия Славян университетин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Медициналык комиссиясынын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Пакистандын лицензия берүү боюнча комиссиясы аталган университеттер берген дипломдорду мындан ары тааныйт.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын бардык медициналык жогорку окуу жайлары Пакистандын жарандары тапшырууга сунушталбаган ЖОЖдордун кара тизмесине киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий