• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пакистан парламенти биринчи жолу премьер-министрине ишенбөөчүлүк көрсөттү

Дүйнө 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Пакистан парламенти өлкөнүн премьер-министри Имран Ханга ишеним көрсөтпөө менен аны кызматтан алды.

Бир канча жумага созулган саясий башаламандыктан кийин оппозициялык партиялар Имран Ханга ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Добуш берүү түн ортосунда болуп, оппозиция палатадагы 342 депутаттын 174үнүн добушун алды.

Имран Хан мурдараак парламентти таратып жана чукул шайлоо дайындоо аркылуу добуш берүүнүн алдын алуу аракетин көргөн. Бирок Жогорку сот ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу добуш берүү өткөрүү чечимин чыгарган.

10-апрелдин таңында оппозициянын тарапкерлери унаалардын терезелеринен мамлекеттик жана партиялык желектерди көтөрүп көчөгө чыгышты. Парламент 11-апрелде чогулуп, жаңы премьер-министрди шайлашы күтүлүүдө.

Талапкерлерди көрсөтүү документтери 10-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00гө чейин берилиши керек.

Журналисттердин айтымында, премьер-министрликке Пакистан Мусулман лигасы партиясынын лидери Шахбаз Шариф шайланышы ыктымал.

28-мартта парламенттеги оппозиция өкүлдөрү премьер-министр өлкө экономикасын натыйжалуу тескей алган жок деген жүйө менен ага ишенбөөчүлүк жарыялоо сунушун көтөрүшкөн. 3-апрелде Имран Хан Пакистандын президенти Ариф Алвини парламентти таркатууга жана чукул шайлоо өткөрүүгө чакырган. Аны улай Алви парламентти тарткаткан. Оппозиция мындай чечимге каршы сотко кайрылган.

Пакистандын крикет боюнча курама командасынын мурдагы капитаны, 69 жаштагы Хан бийликке 2018-жылы келген. Ал өзүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин эл аралык кутумдун бир бөлүгү деп мүнөздөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий