• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистанда аскерий учак кулап, 19 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Пакистандын түндүк-чыгышындагы Равалпинди шаарында аскерий учак кулап, 19 адам каза болуп, кеминде 16 адам жабыркаган. Бул тууралуу жергиликтүү Dunya News телеканалына шилтеме менен РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин 12 адам көз жумгандыгы тууралуу маалымдалган болчу. Каза болгондордун арасында 2 пилот менен экипаждын 3 мүчөсү болгон.

Көз жумгандардын арасында жергиликтүү жарандар да бар экендиги айтылууда. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Аскер авиациясына таандык учак машыгуу окууларын жүргүзүп жаткан. Учак кулагандан кийин өрттөнүп, өрт жакын жайгашкан турак жайларга өткөн. Учак эмне себептен кулагандыгы азырынча айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий