• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун китептери которулуп жана басылып чыкты

Маданият 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. 2-апрелде Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фондунун президенти, Ч.Айтматовдун үй-музейинин директору Элдар Айтматов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Чыңгыз Айтматовдун урду тилине которулган жана басылып чыккан китептеринин партиясын тапшырды.

Эрик Бейшембиев Элдар Айтматовду Кыргызстандагы жана Пакистандагы эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин пландаштырылып жаткан китептин расмий бет ачарына чакырды.

Элдар Айтматов Пакистанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу, китепти которууга көмөктөшкөндүгү үчүн Кыргызстандын Пакистандагы элчилигине ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле элчинин чакыруусун кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий