• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Пакистанда кыргызстандык жаран коронавирус жуктурганбы? – министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын катышуусунда Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал боюнча маалымат жыйыны болду.

Маалымат жыйында ага Пакистанда болгон кыргызстандык жаран коронавирус жуктурганбы деген суроо берилди.

"Ооба, мындай маалымат бар. Аны тактоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана Тышкы иштер министрлигине кайрылдык. Тастыктала элек маалымат болгондуктан бул тууралуу айта албайм. Маалымат келгенде сиздерге билдиребиз", - деп жооп берди Айнура Акматова берилген суроого.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий