• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Пакистанда Кыргызстандын элчилиги менен биргеликте Жапайы жаратылыш күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. 3-март күнү Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Пакистан Ак илбирс фонду менен биргеликте экологиялык дипломатиянын алкагында Жапайы жаратылыштын бүткүл дүйнөлүк күнү майрамын өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Исламабаддын Улутук компьютер жана жаңы илим университетинде "Жер бетинде жашоону сактоо" темасы боюнча өткөрүлгөн.

Иш-чарада Кыргызстандын элчиси Э.Бейшембиев сөз сүйлөп, 2019-жылы Кыргызстан Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификациалоо боюнча мыйзамын кабыл алгандыгын билдирген. Ошондой эле Кыргызстан жана Тажикстандан Афганистанга менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо боюнча CASA-1000 долбоорунун алкагында экологиялык таза гидроэнергия менен аймакты камсыз кылуудагы өлкөнүн салымы тууралуу сөз кылган.

Аны менен бирге иш-чарада элчилик тарабынан Кыргызстан жөнүндө видеотасма көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий