• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистанда мечиттеги терактта каза болгондордун саны 59га жетти – ЖМК

Дүйнө 0


Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Пакистандын Пешавар шаарындагы мечиттеги терактта каза болгондордун саны 59 адамга жетти. Бул тууралуу BBC жазат.

Белгиленгендей, 150дөн ашык адам жабыркады.

Жарылуу намаз окуу учурунда болуп, имараттын жарымы урап түшүп, адамдарды басып калган.

"Атайын кызматтын өкүлүнүн айтымында, өзүн-өзү жардырган адам намаз окуп жаткандардын алдыңкы катарында болгон. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф уюштуруучуларды айыптап, алар ислам менен эч кандай жалпылыгы жок экенин белгиледи", - деп жазат ЖМК.

Жергиликтүү ооруканада жабырлануучулардын көптүгүнөн өзгөчө абал режими жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий