• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистанда нөшөрлүү жаандан улам кеминде 14 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Пакистандын түндүк районунда жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен кеминде 14 адам каза болуп, 19у жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн табигый кырсыктарын жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, табигый кырсыктан көбүнчө Пенджаб провинциясы жабыркаган. Ал жакта курман болгондордун саны 12ге жетип, 17 киши жаракат алган. Андан тышкары Хайбер-Пахтунхва провинциясында эки киши каза болгон.

Билдирүүгө ылайык, жааган суунун көлөмүн көтөрө албай кулаган чатырлар, дарактар жана электр түтүктөрүнүн урашы адам өлүмүнө себеп болгон. Нөшөрлүү жаандын кесепетинен Пенджаб районунун көпчүлүк жерлери суу астында калды.

Пакистандын түндүгүндө алдыдагы күндөрү жамгыр аз жаашы күтүлүүдө, бул өз кезегинде бийлик өкүлдөрүнө куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий