• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Пакистанда полиция антиамерикалык демонстрацияны кууп таркатты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Пакистан полициясы 27-августта Карачи шаарындагы антиамерикалык демонстрацияны таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана союлдарды колдонду. Бул маалда Исламабадда Пакистан ТИМи АКШнын жогорку даражадагы делегациясынын визасын жокко чыгарганын жарыялады.

Вашингтондун Пакистан менен Ооганстандагы атайын өкүлү Элис Уэллс 28-августа пакистандык расмий өкүлдөр менен жолугушуу үчүн Исламабадга келмек.

Делегация сапарына макулдук бербөөнүн себептери жарыяланган жок, бирок бул АКШ президенти Дональд Трамптын Пакистан ооган талиптерине баш паанек берүүнү токтотушу керек деген талабы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Исламабад талиптерди коргоп жатканын четке кагууда.

Карагачиде шииттер тобу АКШнын консулдугуна барууга аракет жасаганда жана бир полициячы жаракат алганда тартип сакчылары күч колдонгон. 27-августта Исламабадда АКШнын саясатын айыптаган “Пакистанды коргоо” аттуу демонстрация өткөн. Трамп Ооганстан менен Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялап жатып, «Исламабад экстремисттик топторду колдоп жатат, Вашингтон андай аракеттерге мындан ары чыдабайт» деп айткан.

Пикир

Оставить комментарий