• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистанда жарылуудан кыргызстандыктар жапа чеккен жок

Коом 0

Бишкек, 26-июнь /Кабар/. Пакистандагы жарылуудан жапа чеккендердин арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда Пакистан Ислам Республикасынын Пенждаб провинциясынын Бахавалпур жеринде катуу жарылуу болуп, 142 адам каза болуп, 200ү жабыркады.

Расмий маалыматтар боюнча, өзгөчө кырдаал жол кырсыгына учураган мунайзат танкеринде чыккан өрттүн кесепетинен болгон. Мунайзаттын агымы жакынкы аймактарды да каптаган.

Тиешелүү жардамдарды көрсөтүү максатында, КРнын ПИРдеги элчилиги тарабынан жол кырсыгына учураган Кыргызстандын жарандарынын болушу тууралуу маалыматтарды тактап жатышат.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандардын арасында КР жарандары жок.

Пикир

Оставить комментарий