• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистандагы терактан кыргыз жарандары жабыркаган жок - ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Пакистандагы терактан кыргыз жарандары жабыркаган жок деп билдирет ТИМ басма сөз кызматы.

24-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:55 чамаларында Пакистандагы Лахор шаарында орун алган Кот Лакхпат жашылча жемиш базарында террористтик акт уюштурулган.

Терактан 26 адам каза болгон. Алардын арасында 9 полиция кызматкери бар. 50дөн ашык жаран ар кандай жаракаттарды алган. Терактка жоопкерчиликти “Пакистандагы Талибан Кыймылы” террордук тобу алган.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин алдын ала берген маалыматы боюнча, каза тапкандардын жана жарадар болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий