• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистандык ишкерлер Нарындын айыл чарба азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кароодо

Аймак 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Пакистандык ишкерлер Нарындын айыл чарба азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу 2018-жылдын 26-сентябрында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов «Хабиб Синдикат» компаниясынын жетекчиси Рао Хамид Хан жана Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам республикасындагы элчилигинин 3-секретары Сабина Мухамедианованы кабыл алууда маалымдалды.

Жолугууда К.Асизов Нарын облусунун тармактары жана социалдык-экономикалык багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Айыл чарбасындагы, өнөр-жай тармагындагы көрсөткүчтөр менен бирге аталган тармактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлор даярдалып жатканын билдирди.

Рао мырза Пакистан Ислам республикасынын айыл чарба тармагындагы жетишкендиктери, дүйнөлүк рынокто айыл чарба азыктары боюнча алдынкы орундарда экенин маалымдады. Ошондой эле, сүт багытындагы уйлардын жаңы асыл тукуму, сүт продукциялары, тоюттар жана башка продукциялары боюнча кенен маалымат берип, кызматташып жаткан өлкөлөр тууралуу айтып берди.

Учурда Орто Азия өлкөлөрү менен кызматташуу багытында иштер жүрүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын облустарын элчилик менен бирге кыдырып продукциялардын үлгүлөрүн көрүп жатканын билдирди. Нарын облусунун сүт, эт, тери жана көмүр продукцияларынын сапаты талаптарына туура келсе Пакистанга жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

К.Асизов Нарын облусунун продукциялары экологиялык таза жана сапаты жакшы денгээлде экенин айтып, тараптар менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.

Андан соң тараптар Нарын шаары жана Ат-Башы районунда болушуп, сүт иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.

Пикир

Оставить комментарий