• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Пакистандык компания Кыргызстандан бир катар товарларды импорттоого кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Уланбек Тотуяев «D.Watson» соода маркасынын президенти жана аткаруучу директору Зафар жана Ахсан Бахтавари менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда маектештер соода тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, пакистандык тарап «D.Watson» дүкөндөр тармагында кыргыз өндүрүшүнүн бир катар товарларын сатуу үчүн Кыргызстандын экспортерлору менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий