• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Пакистандык студенттерди сабады деген 3 жаран бир айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Пакистандык студенттерди сабады деген 3 жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Пакистандык студенттерди сабоого шектелип Ысык-Ата районунун 31 жаштагы Э.О., аттуу тургуну, Бишкек шаарынын 30 жаштагы Д.А., жана К.Б,. аттуу тургундары аныкталып, бир айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 19-июль күнү болжол менен саат 23:00дөр чамасында Аламүдүн районунун ички иштер органдарына Пакистандын 1998-жылы туулган Ш.С. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Ал Кой-Таш айылындагы эс алуу жайлардын биринин жанында бейтааныш адамдар аны эч себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Андан сырткары, ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. аттуу жарандар кайрылган.

Окуя болгон дарекке дароо Аламүдүн райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барышкан учурда урушка катышкандар окуя болгон жерден кетип калганы маалым болгон.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жана Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы чыр-чатакка катыштыгы бар делип 3 жаран кармалган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий