• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пакистандын Премьер-министри Абылгазиевди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин толугу менен келтиребиз:

«Пакистан жана Кыргызстанды бекем маданий жана тарыхый байланыштар бириктирип турат. Биздин достугубуз жалпы кызыкчылыктарга жана өз-ара түшүнүшүүгө негизделген. Биз көптөгөн жылдар аралыгында өз-ара байланыштарыбызды мамлекеттерибиздин бакубаттуулугу үчүн чыңдап келе жатабыз.

Мен Пакистан жана Кыргызстан кызматташтыгын достук мамиледе мындан ары карай улантаарына ишеним билдирем. Өз-ара алакаларыбызды мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүүдө Сиз менен кызматташуу мүмкүндүгүн чыдамсыздык менен күтөм.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге – чың ден-соолук жана ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргыз Республикасынын элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий