• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Садыр Жапаровду президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.02.21. /Кабар/. Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сиздин акылмандыгыңыз жана бай тажрыйбаңыз Кыргызстан элин чоң прогресске жана гүлдөп өнүгүүгө алып барат деп ишенебиз. Пакистан менен Кыргыз Республикасынын ортосунда терең байланыштар жана кызматташуу мамилелери бар. Сиз менен көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүнү жана кеңейтүүнү, бардык тармактагы ишмердүүлүктө күчтүү өнөктөштүктү орнотуу үчүн кызматташууну күтөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий