• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы жардыруудан кеминде 72 адам өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Пакистандын Синд провинциясындагы Сехван-Шариф шаарынын Лала Шахбаза Каландардын мавзолей комплексиндеги жардыруудан кеминде 72 адам өлүп, 150 адам жабырланды деп билдирди Рейтер агенттиги.

Мындан мурда 50 адам өлүп, 100 адам жабыркаганы маалымдалган.

Жарылуу бейшембиде суфизм философу жана акын Лала Шахбаза Каландардын (көбүнчө Сайед Мухаммад Усман Марванди катары белгилүү) шакирттери суфий ритуалдарын өткөрүп жатканда болгон.

Жанкечти алгач граната ыргыткан, ал жарылбай калган соң, белине тагылган гранатаны жарган.

Жардырууну “Ислам мамлекети” террордук тобу мойнуна алган.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий