• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пакистандын түштүгүндө эки поезд сүзүшүп, кеминде 30 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Пакистандын түштүгүндө эки поезд сүзүшүп, кеминде 30 адам каза болду, деп билдирет жергиликтүү ARY News телеканалы.

Каналдын маалыматы боюнча, Синд провинциясындагы Готки шаарынын аймагында темир жол станцияларынын ортосунда эки экспресс поезд сүзүшкөн. Темир жол өкүлү билдиргендей, бир поезд рельстен чыгып кеткен экинчи поездди сүзүп алган.

Жергиликтүү бийлик өкүлү Усман Абдулла кырсыктан бери дегенде 30 жүргүнчү каза болгонун ырастап, дагы бир канчасы урандылардын алдында экенин кошумчалады.

Окуя болгон жерге милиция жана куткаруучулар келишти. Сүзүшүүдөн кийин бул аймакта поезд каттамдары токтогон.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий