• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Памир кыргыздарына президенттин атынан материалдык жардам берилди

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 22-декабрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздардын - 17 үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Базарбаевдин айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда 108 памирдик кыргыз же 22 үй-бүлө жашап жатат.

17 үй – бүлө Алай районунда, калгандары Нарын жана Чүй облустарында жайгашкан.

"Памир кыргыздарына 2017-жылы республикалык бюджеттен көчүп келген учурдан баштап, демөөрчүлөрдүн эсебинен жардам көрсөтүлүүдө. Талды-Суу айылына республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн сом бөлүнүп берилген, президентин тапшырмасы менен памирлик кыргыздар КР жарандыгына тездетилген тартипте кабыл алынды. Мамлекет башчысы ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бир музоо жана бир жылкыны бөлүп берди. Жергиликтүү бийлик мал багуучу сарайларды куруп, жалпы суммасы 850 миң сомго тоют сатып алып, азык-түлүк жана көмүр менен камсыздайт. Алай районунда жашаган 38 балага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жөлөк пул, ал эми 2 жаранга карылыгы боюнча пенсия дайындалат. 41 бала мектепте окуп жатат", - деди Кудайберген Базарбаев.

Кудайберген Базарбаев ар бир үй-бүлөгө 160 килограммдык ун, 55 килограмм макарон, 53 килограмм кант, 12 литр өсүмдүк майын, 3 килограмм күрүч жана чайды, ошондой эле кышкы курткаларды жана балдардын бут кийимин тапшырды.

Бул иш-чарага Алай районунун жергиликтүү бийлик органдарынын жана социалдык блогунун кызматкерлеринин өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий