• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Памир тоолорунда жабыркаган альпинисттер Душанбеге жеткирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Памир тоолорунда тик учак кырсыгынан жабыркагандар Душанбеге жеткирилди. Бул тууралуу Тажикстан Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалымат катчысы Умеда Юсуфи билдирди.

Анын айтымында, 13-августта жабырлануучулаКырсыктын себептерин так аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.р борбор калаадагы «Истиклол» медициналык борборуна жеткирилди.

Тажикстанда жекшембиде болгон тик учак кырсыгынан беш киши каза тапкан. Өлгөндөрдүн арасында үч орусиялык альпинист жана эки тажикстандык (экипаж мүчөлөрү) бар экенин белгилүү болгон.

Умеда Юсуфи тик учактын Памир тоолорунда кырсыкташына начар аба ырайы себеп болушу мүмкүн экенин, кырсыктан учкуч жана дагы 12 альпинист аман калганын кошумчалады.

Кырсыктын себептерин так аныктоо үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий