• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Памирден келген жаш ымыркайларга да сүйүнчү пул каралган

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова бүгүн, 25 – октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, Нарын жергесине көчүп келген памирлик кыргыздардын ал – абалы тууралуу айтып берди.

Депутат аларды социалдык жөлөкпулдар менен камсыздап, жарандык паспортторго, тиешелүү жер тилкелерине ээ болушуна көңүл буруу зарылдыгын билдирди. “Этникалык кыргыздардын теңир тоого толук көнүп кетүү аракети болуп жатканын баамдадык. Ошентсе да, памирлик боордошторубуздун айрымдары Алай жергесине барып олтурукташууга да ниеттенип жаткандыгын сездик”, - деди эл өкүлү.

Ал эми алыста калган ата – энелерин сагынган памирлик балдардын Нарынга келген бөлүгүнөн айрым балдар кайра Памир тарапка кетип, учурда кайтып келип, окууларын уланта албай жаткандыгы кыжаалат кылууда. Бул суроону чечүүдө Өкмөт менен биргеликте иш алып баруудабыз, - деди тармактык комитеттин төрайымы.

Жергебизге келген Памир кыргыздарынын өкүлдөрү тарыхый мекенине келгенде эки наристелүү болушкан. Аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилип, сүйүнчү пул дагы төлөндү. Алардын суммасы башка балдарга белгиленгендей эле, 4 миң сомду түзөт, - дейт ошол эле уктурууга катышкан Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо жана жарандык абалдарын актыларын каттоо департаментинин адиси Асмат Мамасалиева.

Ал эми азыркы тапта Памирден келген кыргыз боордошторубуз кайрылман катары күбөлүккө ээ болушкан. Бирок, жарандык алуу жагынан алар жеке өзүнүн атынан арыз менен кайрылышы керек. Президенттин дагы жарлыгы чыгууга тийиш. Бул башка маселе, - дейт ошол эле уктурууга катышкан Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо жана жарандык абалдарын актыларын каттоо департаментинин дагы бир адиси Анара Тиленова.

Пикир

Оставить комментарий