• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Памирлик 30 үй-бүлө Кыргызстанга көчүрүлүп келиши ыктымал. Маселени тармактык комитет карап чыгат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Күн мурун, 13-январда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова памир кыргыздарынын өкүлдөрү Молдо Абдул Хак жана Памир Абдул Вахид менен жолугушту, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы. Иш-чарага Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев жана миграция маселелери боюнча адистер катышты.

Жолугушууда Б.Ибраимжанов Өкмөттүн «Кайрылман» программасын жүзөгө ашыруу боюнча чаралары, Кыргызстанга көчүп келип жаткан этникалык кыргыздарга карата мамлекеттик кепилдиктер, анын ичинде, 2017-жылы Кичи Памирден келген 10 үй-бүлөгө көрсөтүлгөн жардамдар, алардын Нарын облусунун аймагына жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө «кайрылмандардын» укуктук макамын аныктоо процесси жүрүп жатат.

Өз кезегинде Молдо Абдул Хак памир кыргыздарынын атынан өлкө бийлигине Чоң жана Кичи Памирдеги (Ооганстан) этникалык кыргыздардын дагы 30 үй-бүлөсүн кабыл алып, легалдаштыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Болот Ибраимжанов Кыргызстан памирлик боордоштор үчүн дайыма ачык экенин белгилеп, бирок Тышкы иштер министрлиги аркылуу Ооганстандын расмий бийлиги менен бул маселени сүйлөшүү керектигин билдирди.

Көтөрүлгөн маселени жыйынтыктаган депутат Аида Исмаилова этникалык кыргыздар кабылып жаткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мындай талкуулардын маанисине токтолуп, Памирдеги (Ооганстан) этникалык кыргыздардын дагы 30 үй-бүлөсүн кабыл алып, легалдаштыруу маселеси Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинде карала тургандыгын, анын жыйынтыгы менен КР Өкмөтүнө тиешелүү тапшырма берилерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий