• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Памирлик этникалык кыргыздар билим ала башташты

Коом 0

Бишкек, 02.11.17. /Кабар/. Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздарга Нарын облусундагы №86 кесиптик лицейинин имаратында окутуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анын айтымына караганда, этникалык кыргыздарга беш сабак боюнча Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери сабак берет.

Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар 2 тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы КР Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышат.

Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиеванын маалыматында окучулардын айрымдары фарси тилинде окуп, жазганды билет. Ал эми кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын сабакты кабыл алуулары ар башка болгону менен программаны өздөштүрүүлөрү жакшы деңгээлде жүрүүдө. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишти. Кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий