• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Памирлик кыргыздар Куланак айылына келди

Аймак 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 24-октябрында, Ооган Ислам республикасынын Улуу жана Кичи Памиринен келген этникалык кыргыздар Куланак айылына келди. Бул тууралуу Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева памирлик кыргыздардын келиши менен куттуктады. Акыркы жылдарда жогорку бийлик тарабынан Тажикстан, Ооганстан менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Памир жергесине даректүү жардамдар жеткирилип турганын белгилеп, ал жактагы катаал шарттарды айтып өттү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 2-11-октябрында Өкмөттүк экспедиция Ооган Ислам республикасынын Улуу Памир жана Кичи Памиринде болуп, гуманитардык жардам жеткирүү менен бирге балдарды билим алууга ата-энеси, туугандарынын коштоосунда жалпы 33 этникалык кыргызды Кыргызстанга алып келгенин маалымдады. 10 күн аралыгында саламаттыгы текшерилип, Куланак айылына келген памирликтер жергиликтүү калктын колдоосу менен каада-салт, маданият аркылуу жылуу мамилелерди түзөт деген ишеничин билдирди.

Айыл тургундарынын атынан аксакал Айылчы Токталиев куттуктоосун айтып, алыстан келген туугандар менен сый-урмат мамиледе болуп, айыл эли катташууга дайым даяр экенин билдирди.

Памирлик этникалык кыргыздардардын атынан Жээнбек уулу Абдылбаит Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөткө жана жергиликтүү бийликтин камкордугуна ыраазычылык билдирди. Жубайы Жанбүбү Маматзайым кызы мурунку аптада Бишкекте көз жарганын белгилеп, КР президентинин урматына жаңы төрөлгөн уулунун ысымын Алмазбек койгонун айтты.

Маданият кызматкерлеринин жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланган соң памирлик этникалык кыргыздар Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасына барышты. Аталган айылда памирликтердин жергиликтүү климаттык шартка көнүүсү үчүн мерчемдүү мөөнөткө жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий