• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Памирлик кыргыздар Нарындан билим алышат

Аймак 0

Бишкек, 03.10.17. /Кабар/. Памирлик кыргыздар Нарындан билим алат. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, Памирлик кыргыздардын Нарын облусуна келишине карата даярдыктарды көрүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү.

“Жыйынды Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дюшеев алып барып, памирликтердин алгачкы келүүсүндөгү коопсуздугун сактоо, медициналык кароодон өткөрүү жана көзөмөлгө алууну уюштуруу боюнча тийиштүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.
Октябрь айында келчү 50 памирлик кыргыздардын 30 адамы 0-30 жашка чейинкилер. Жалпы келген памирликтердин жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуу методикасын жана окуу планын иштеп чыгуу боюнча билим берүү тармагынын адистери даярдык иштерин жүргүзүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий