• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пандемия башталган күндөн тартып республикалык бюджеттен 5,2 млрд сом сарпталды

Экономика 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Пандемия башталган күндөн тартып республикалык бюджеттен 5,2 млрд сом сарпталды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом каражат каралган, анын ичинен 5,2 млрд сом иш жүзүндө коротулду.

"Бөлүнгөн каражаттар меджабдууларды, ПЧР, экспресс-тесттерди, реагенттерди, медициналык багыттагы буюмдарды, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга (2,1 млрд сом), саламаттык сактоо кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө (785 млн сом), күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө (452 млн сом), обсервацияларды уюштурууга, тамак-аш чыгашаларына (454 млн сом), аз камсыз үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоого (200 млн сом), гриппке жана пневмонияга каршы вакциналарды сатып алууга (221 млн сом), Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудайдын жана дары-дармектердин запасын камдоого (1,1 млрд сом) жумшалган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий