• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Пандемия башталгандан бери коронавирусту дарылоо үчүн 56 аталыштагы 3 млн 612 миң куту дары өлкөгө киргизилди - Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Пандемия башталгандан бери коронавирусту дарылоо үчүн 56 аталыштагы 3 млн 612 миң куту дары Кыргызстанга киргизилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

"Белгилей кетчү нерсе пандемиянын башталышы менен бир катар өлкөлөр дарыларды экспорттоого тыюу салышкан. Бул маселелер жылдын башында эле жаралды. Ага карабастан коронавирус болуп турган маалда биздин өлкөдө коронавируска каршы дарылардын, антибиотиктердин, тиешелүү шприцтердин таңкыстыгы байкалган жок. Ооруган адамдардын саны көбөйүп кеткенден кийин бизде дары-дармектер боюнча маселе жаралды. Европа биримдиги 103
позициядан турган дары-дармектерди коммерциялык максатта Европа аймагынан чыгарууга тыюу салды. Пандемия башталгандан бери коронавирусту дарылоо үчүн 56 аталыштагы 3 млн 612 миң куту дары Кыргызстанга киргизилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий