• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 337 миңден ашык ПЧР-тест жасалган

COVID - 19 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 337 миңден ашык ПЧР-тест жасалган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, акыркы бир күн ичинде 972 ПЧР-тест жүргүзүлүп, 71 адамда коронавирус аныкталган.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 71 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 999ду түзөт. Алардын ичинен 41 миң 103 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий