• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Пандемия – ЕАЭБдин бекемдигин сыноодо – Жекшенкулов

Коом 0

Бишкек, 29.04.20 /Кабар/. Коронавирус пандемиясы көптөгөн глобалдуу процесстерге өзүнүн терс таасирин тийгизди. Алардын бири - бул экономика. Көптөгөн өндүрүш токтоп, кыйын күнгө дуушар болууда. Мунайга болгон баанын төмөндөшүн да эстен чыгарбоо керек. Бирок, азыр кризистен кийинки чаралар жөнүндө ойлонуу керек. Ушул максатта бир катар эксперттер жана саясий ишмерлер «ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн коронавирус пандемиясынын экономикалык кесепеттери» аталышындагы онлайн форматта өткөн конференцияга чогулушту.

Россиядагы мигранттардын абалы тууралуу саясий ишмер Аликбек Жекшенкулов маалымат берди.

«Пандемия учурунда ЕАЭБ бекемдикке сыноодон өтүүдө. Дүйнөдө көп нерсе өзгөрүүдө. ЕАЭБ туруктуулугун жана өзүнүн баштапкы биригүүсүн көрсөтөт деген менде чоң үмүт бар. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биз бир аз аярлуубуз. Кыргызстанга келе турган болсок, азыркы учурда өлкөдөгү орто жана чакан бизнеске жардам берүү керек. Анткени бул тармактар өлкөнүн кабыргасы болуп саналат. Өлкөнүн экономикасы жана саясий абалы анын келечегинен көз каранды», - дейт Жекшенкулов.

Саясатчы билдиргендей, РФда эмгек мигранттарынан сырткары мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык студенттер дагы бар.

«Көптөгөн өлкөлөр көтөрүп жаткан дагы бир маанилүү маселелердин бири - бул миграция маселеси. Биздин кызматкерлер, диаспора өкүлдөрү акча таап, жарандарды хостелдерге жайгаштырышты. Азыркыга чейин абдан кыйын болууда, бирок биз көрсөткөн бир катар жеңилдиктери үчүн Россияга ыраазыбыз. Мигранттардан тышкары студенттер менен да чоң көйгөй болууда. Бул мекенине кайтууну күтүп жаткан 21 миң адам. Бүгүнкү күндө бир топ көйгөйлөр бар. Мигранттар арасында 3 негизги көйгөй бар - алып чыгуу, турак жай менен тамак-аш жана медициналык жардам», - деп кошумчалады КРнын РФдагы элчиси.

Жекшенкулов кошумчалагандай, бул көйгөйлөрдүн баардыгы айрым бир ресурстардын чектелгендигине байланыштуу болууда. Бирок, өнөктөш өлкөлөр аталган көйгөйдүү чечүүдө көмөк көрсөтөт деген үмүт бар.

Пикир

Оставить комментарий